Орус учагынын экинчи кара кутусу да табылды
Табылган 17 сөөктүн 13нүн Москвага жиберилгендиги белгиленди
Ичиндеги 92 кишиси менен жекшемби күнү Кара деңизге түшкөн орус учагынын экинчи кара кутусу да табылды.
Орусиянын коргоо министрлиги Кара деңизге түшкөн Ту - 154 учагына таандык экинчи кара кутунун чумкугучтар тарабынан аныкталгандыгын жарыялады. Деңизден чыгарылган кара куту иликтөө жана чечмелөө иштери үчүн Москвага алып барылат.
Маалыматта айрыкча изилдөө иштеринде ушул кезге чейин табылган 17 сөөктүн 13нүн Москвага жиберилгендиги белгиленди.
Ушул кезге чейин учактын негизги кара кутусу жана 1500гө жакын бөлүкчөсү суудан чыгарылды.
Москвадан учкан Ту -154 учагы Сочиде күйүүчү май куйгандан кийин Сирияга учушу пландалып жаткан. Учак Орусиянын Сириядагы Химеймим базасында жаңы жылдык концерт берүү үчүн бул өлкөгө барган Кызыл Армия хорунун аткаруучуларын алып бара жаткан.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа тилкесиндеги кол сауулары...
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсү жарыяланды.