Кырсыкка учураган орус учагынын кара кутусу табылды
Кара куту менен бирге 12 кишинин сөөгү табылды
638618
Орусиянын коргоо министрлиги жекшемби күнү Кара деңизге түшкөн Ту - 154 учагынын кара кутусунун табылгандыгын билдирди.
Министрликтин басма сөздө орун алган маалыматына караганда эрте мененки сааттарда жээктен 1700 метр алыстыкта жана деңиздин 17 метр тереңдигинде учактын кара кутусу табылган.
Кара кутуну иликтөө иштери үчүн жакынкы убакта Москвага жиберилери билдирилди. Айрыкча изилдөө аймагында учакка таандык башка бөлүкчөлөрдүн да табылгандыгы жана иштердин үзгүлтүксүз улантылгандыгы, 12 кишинин сөөгүнүн табылгандыгы билдирилди. Москвадан учкан Ту – 154 учактын Сочиде күйүүчү май куйгандан кийин Сирияга барышы пландалып жаткан.