Орусиянын учагы Кара деңизге кулап түштү

Орусиянын Коргоо министрлигине таандык Ту-154 үлгүсүндөгү учак учкандан көп өтпөй кулап түштү.

637341
Орусиянын учагы Кара деңизге кулап түштү

Орусиянын Коргоо министрлигине таандык "Туполев" Ту-154 үлгүсүндөгү учак учкандан көп өтпөй кулап түштү.

Сочиден учкан аскердик учактын түшкөн жери белгиленди.

Учакта 83. Жүргүнчү, 8и экипаждан турган бардыгы 91 киши бар болчу.

Сочиден учкан учактын учкандан көп өтпөй радарга көрүнбөй калган. Орусиянын коргоо министрлиги учкандан 20 мүнөт кийин учак менен байланыш үзүлгөнүн жарыялады.

Аскердик учактын Сириянын Латакия шаарындагы Химиймим базасына бара жатканы белгиленди.  ТАСС агенттиги учакка таандык бөлүкчөлөрдүн жээктен 6 км алыстыкта табылганын жарыялады.

Орус басма сөзү да учакта орус аскерлери менен биргүе Кызыл Армия хору жана журналисттер да орун алганын маалымдады.



Тектеш кабарлар