Сибирде 52 киши лосьон ичип каза болду

Jоруканаларда жаткан 29 кишинин абалынын оор экендиги билдирилди

634599
Сибирде 52 киши лосьон ичип каза болду

Орусиянын Сибирь аймагында 52 киши дене лосьонун ичүү менен каза тапты.

Саламаттыкты сактоо булактары ооруканаларда дарыланып жаткан 29 кишинин абалынын оор экендигин билдирди.

Байкал көлүнүн жээгиндеги Иркутск шаарында болгон окуяда спирттик ичимдиктин ордуна лосьон ичкен ондогон киши ооруканага жаткырылган. Шишеде жазылган эскертүүлөргө карабастан лосьон ичимдиктин ордуна колдонулган. Лосьондо этил спиртинин ордуна метил спиртинин колдоунлгандыгы аныкталып, бир доллардан базарга чыгарылган шишелер чогултулууда.

Шишелерди базарга чыгарган эки киши камоого алынды.



Тектеш кабарлар