Кипр конференциясынын катышуучулары макулдашуу менен белгиленгенди

Мустафа Акынжы Женева процессинен мурда даярдыктардын негизинде рум лидер Никос Анастасиадис менен жолугушту

630370
Кипр конференциясынын катышуучулары макулдашуу менен белгиленгенди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы 12 -  январда Швейцариянын Женева шаарында баштала турган Кипр конференциясынын катышуучуларынын макулдашуу менен белгиленгендигин айтты.

Мустафа Акынжы Женева процессинен мурда даярдыктардын негизинде рум лидер Никос Анастасиадис менен жолугушту.

БУУнун текшерүүсүндөгү тарапсыз аймакта болгон жолугушуу 3 саатка жакын созулду. Акынжы жолугушуудан кийин берген маалыматында Женева процессинен мурда даярдык катары  пикир алышуударда болушкандарын белгиледи.

Мустафа Акынжы 1 -  декабрда түзүлгөн макулдашуунун негизинде 9 -  январга чейин 2 же 3 жолу дагы жолугушуу менен макулдашууларды кеңейтүүнү максат кылышкандарын айтты.

Рум тарабынын процесске  башка өлкөлөрдү да кошуу аракеттерине байланыштуу суроолорго жооп берген Акынжы : «Катышуучулар түзгөн макулдашуубузда айтылгандай болот, муну кеңейтүүнүн кереги жок»,- деди.

Эки жак 1 -  декабрда чыгарган чечим менен Женевада 9 -  январда жолугушуу, 11 -  январда өз карталарын сунуштоо жана 12 -  январда да гарантер өлкөлөр катыша турган эл аралык конференцияда жолугушуу тууралуу келишкен болчу.



Тектеш кабарлар