Науру министри Орусияда каза болду
Бир канча убакыттан бери ден соолугу начар экендиги билинген Довийогонун каза болуу себеби тууралуу маалымат берилген жок
Түштүк Тынч Океандагы арал Наурунун саламыттыкты сактоо жана транспорт министри Валдон Довийого Орусия сапары учурунда каза тапты.
Radio New Zealandын кабарына караганда саламаттык жана транспорт министри Довийого Орусияга жасаган расмий сапары учурунда күтүлбөгөн жерден ноокастап каза болду.
Бир канча убакыттан бери ден соолугу начар экендиги билинген Довийогонун каза болуу себеби тууралуу маалымат берилген жок.
Науру мурунку премьер – министр Бернард Довийогонун уулу 48 жаштагы Валдон Довийого Орусияга финансы жана өнүгүү министри Дэвид Адеанг менен бирдикте расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган.
21 миң километр квадраттык аянтка ээ дүйнөнүн эң кичинекей арал өлкөлөрүнүн бири болгон Науруда 9 миң 300гө жакын киши жашап жатат.
Науру акыркы жылдарда өлкөнүн территорияларында Австралия тарабынан курулган, баш калкалоочулар кармалган байкоочу борбору менен дүйнөлүк күн тартибинде орун алууда. Австралия өлкөгө кемелер менен келген баш калкалоочуларды Наурудагы байкоо борборуна жиберүүдө.
Тектеш кабарлар
Израилдин согушту улантуу планы
Израиль армиясынын X социалдык медиа эсебинде темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.