Европада куш тумоосу

30 миң бакма канаттуу жок кылынат

610129
Европада куш тумоосу

Германия, Голландия, Австрия, Венгрия, Польша жана Хорватияда куш тумоосу тынчсыздануусу менен чаралар күчтөндүрүлдү. Германиянын Шлезвиг-Гольштейн аймагындагы бир комплексте куш тумоосу вирусунун чыгышы менен аракетке өтүлдү. 30 миң бакма канаттуу жок кылынат. Ошол эле аймактагы Любек шаары менен Мекленбург – Ворпоммерн аймагында да ушул эле вируска кездешилген.

Германиянын айыл – чарба министри Кристиан Шмид бул тууралуу жыйын өткөрүлөрүн билдирди. Жыйындын биринчи отурумунда жалпы өлкөдө вируска каршы кандай стратегия жүргүзүлөрү белгиленет.

Голландияда  болсо өлүү табылган куштар боюнча жүргүзүлгөн иликтөөдө H5N8 вирусунун табылгандыгы аныкталды. Бельгияда да Федерал айыл – чарба жана айыл иштери министри Вилли Борсус канатуу куштардын жабык аянтта кармалуусу жана тышта калбашы керектигин белгилеп, тоок секторунда иштегендерди жана үйүндө канаттуу баккандардын чара көрүшү керектиги боюнча эскертти.

Европаны көптөгөн жылдардан кийин кайрадан коркунучка салган H5N8 куш тумоосу вирусунун Сибирден көчүп келген куштардан жуккандыгы болжолдолууда.

Тектеш кабарлар