8 төңкөрүшчүнүн камакка алуу мөөнөттөрү узартылды

Төңкөрүшчүлөр Түркияга тапшырылып берилеби?

603503
8 төңкөрүшчүнүн камакка алуу мөөнөттөрү узартылды

Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетине аралашкандан кийин Грецияга качып кеткен 8 төңкөрүшчүнүн камакка алуу мөөнөттөрү узартылды.

Афина-Македония маалымат агенттигинин кабарына караганда, 6 төңкөрүшчү кечээ мамлекеттик айыптоочунун алдына чыгарылып, алардын Түркияга тапшырылышына карата сот жараянында да алгачкы кадам ташталды.

Бир тараптан прокурордук тарабынан сот болгонго чейин камакта жата турган төңкөрүшчүлөр тууралуу Түркиядан кошумча маалымат талап кылынды.

ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетинен кийин "Скорский" үлгүсүндөгү тик учар менен Грециянын Дедеагач аэропортуна конуп баш баанек сураган 8 төңкөрүшчүдөн 7синин талаптары четке кагылган болчу.



Тектеш кабарлар