ДЕАШ өз саптарында согушпагандарды атып салууда

Мосулду террор уюму ДЕАШтан тазалоо операцияларында бир жума артта калды.

595834
ДЕАШ өз саптарында согушпагандарды атып салууда

Ирактын экинчи чоң шаары Мосулду террор уюму ДЕАШтан тазалоо операцияларында бир жума артта калды. Террордук уюмдун шаарда өз катарларында согушпаган 200 кишини кырып салганы маалымдалды.

Нинова эл өкүлү Интисар эл-Жубури, акыркы бир канча күндүн ичинде ДЕАШ тарабында согушуудан баш тарткан 200 кишинин террористтер тарабынан өлтүрүлгөнүн жарыялады.

Жубури кыргын салуулар Мусулдун ар кайсы райондорунда болгонун жана сөөктөрү үй-бүлөлөрүнө тапшырылбаганын айтты.

Американын  CNN Интернейшнл каналы да ДЕАШтын кечээ Мосулда 284 кишини кырып салганын жарыялаган. Анда бульдозерлер менен аңдарга көмгөн курман болгондордун арасында балдар да бар экенин белгилеген.

БУУнун адам укуктары боюнча жооптуу кызматкерлери мурдагы күнү ДЕАШ террористтеринин Мосулдун айылдарынан эң аз 550 үй-бүлөнү жандуу калкан катары колдонуш үчүн өз көзөмөлүндөгү аймактарга алып кетишкендерин жарыялаган.

 Бул учурда Мосулду террор уюму ДЕАШтан тазалоо операциясынын 8-күнүндө Ирак армиясы, Каййара районунун айланасындагы 9 айылды террористтерден тазалады.

Жүргүзүлгөн операциялар убагында ДЕАШка мүчө 299 террорист жок кылынып, бомба жүктөлгөн 20 унаа менен 45 бомба зыянсыздаштырылды.

Мосулдун террор уюму ДЕАШтан тазаланышы үчүн Ирак армиясынын бөлүктөрү, пешмерге күчтөрү жана чоң көпчүлүгү Башика лагериндеги түрк аскерлери машыктырган Нинова сакчылары 17-октябрда операция башташкан.

Бир тараптан Керкүк кол салуусун пландаган ДЕАШ мүчөсү террорист Абу Ислам Ансари каймана аты Мазин Незхан Мухаммед Ал-Убейди эр-Рияши кармалды.

Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун коопсуздук агенттиги жаңы кол салуу даярдыгын кылып жаткан жана шаардын ар кайсы аймактарында жашырынган ДЕАШка мүчө 8 террорист кармалганын жарыялады.

Бул террористтердин Дакук району менен Бешир айылынын элет жериндеги боштуктан шаардын борборуна өткөнү, андан соң сандары жүзгө жеткен кол салгычтардын төрт топко бөлүнүп унааларга салынып шаарга жеткирилгени билдирилди. Кармалган террористтерди суракка алуу уланууда.



Тектеш кабарлар