Кытай экинчи балалуу болууга уруксат берди

Кытай өкмөтү жаш үй – бүлөлөрдү экинчи балалуу болуу боюнча колдоонун жолдорун издеп жатат

578101
Кытай экинчи балалуу болууга уруксат берди

Кытай өкмөтү жаш үй – бүлөлөрдү экинчи балалуу болуу боюнча колдоонун жолдорун издеп жатат. Өкмөт бул тууралуу өлкөдөгү картаң калктан жардам сурады.

Бийликтеги Коммунист партиясы өткөн жылы октябрь айында 1970 – жылдарда ишке кирген «бир бала» саясатын өзгөртүп эки балалуу болууну жарыялаган жана 1 -  январдан баштап ишке кирерин билдирген болчу.

Экинчи баласы болгон үй – бүлөлөргө оор жаза берилген мыйзам менен 400 миллион төрөттүн алдын тоскондугу белгиленди. Кытайды 40 жылдан ашуун убакыттан бери бул саясатты өзгөртүүгө мажбурлаган эки негизги себеп болсо калктын санындагы жыныстык тең салмаксыздык жана жумушчу күчүнүн азаюсу.

Кытайда калктын ылдам картаюсу менен адистер бул чечимдин чыгарылышында кеч калынгандыгын баса белгилешти.

Үй – бүлөнү пландоо боюнча Улуттук комиссия алдыбыздагы беш жылдын ичинде мурунку мезгилге караганда жыл сайын 3 миллион дагы көп бала төрөлөрүн болжолдоп жатат. Жыйынтык катары 2050 – жылы Кытайда жумушчу күчүнүн 30 миллионго жакын кишиге артуусу күтүлүүдө. Муну менен бирге Кытай статистикалык мекемеси өлкөдө үйлөнө турган кыз таба албаган бойдок эркектердин санынын 2020 – жылга чейин 40 миллионго чыгышы мүмкүн экендигин болжолдоп жатат.

 

 



Тектеш кабарлар