Кытай Сирия маселесине кийлигишет
Тараптар аскердик бөлүктөрдүн машыгуусу тууралуу кызматташтыктын өнүктүрүлүшү жана гуманитардык жардам темаларында да бирдей пикирге барышты
Кытай The Global Times гезитинин кабарына караганда адмирал Гуан Юфеи жана Сириянын коргоо министри Фахад Жассим ал - Фрежи өткөн жумада жолугушуп эки өлкөнүн ортосунда кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү жана байланыштардын күчтөндүрүлүшү темаларын карап чыгышты. Кабарга караганда тараптар аскердик бөлүктөрдүн машыгуусу тууралуу кызматташтыктын өнүктүрүлүшү жана гуманитардык жардам темаларында да бирдей пикирге барышты.
Гуан Юфеи сүйлөшүү тууралуу берген маалыматында : «Кытай менен Сирия армиясынын салттык достук карым – катнаштары бар. Кытай армиясы эми Сирия армиясына жардам берүүнү жана кызматташтык түзүүнү каалап жатат»,- деди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.