НАТО союздаштары Түркиянын мүчөлүгү тууралуу чыккан жазууга каршы чыгышты

Вашингтон келишиминде мүчө бир өлкөнүн НАТОдон чыгарылышн күткөн берен жок

546191
НАТО союздаштары Түркиянын мүчөлүгү тууралуу чыккан жазууга каршы чыгышты

НАТО союздаштары Американын New York Times гезитинин Түркиянын НАТО мүчөлүгүнүн  талкууга ачыларын айткан жазууга каршы чыгышты.

4 -август күнү New York Times гезитинде чыккан жана Түркиянын НАТОдон чыгарылышы мүмкүн экендиги жазылган макаланын чындыкты чагылдырбагандыгын билдирген дипломатиялык булактар биримдиктин куруучу документи болгон Вашингтон келишминин биримдикке мүчө бир өлкөнүн НАТОдон чыгарылышын күткөн  бир беренесинин жок экендигин эске салышты.

Ошол эле булактар Түркиянын НАТОго карата бардык милдеттерин орундаткандыгын да баса белгилешти.

Дипломатиялык булактар Түркиянын НАТОдогу келечегин териштире турган расмий же расмий болбогон жыйындын күн тартибинде жок экендигин айтып, Варшава саммитинин жыйынтык билдирүүсүнө да  кайрылышты. Ушунун алкагында Варшава саммитинин 129 – беренесинде орун алган жана Түркия да бекиткен текистте НАТОго мүчө өлкөлөрдүн адам укуктары жана демократиялык принциптерге ээ чыгуусунун маанисине басым жасагандыгын белгилешти.
 



Тектеш кабарлар