Жүрөктөн жүрөккө бараткан жолду үзүүгө эч кимдин күчү жетпейт

Европанын ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган түрктөр, «Төңкөрүшкө каршы демократия митинги» үчүн Германиянын Кельн шаарында чогулду.

541946
Жүрөктөн жүрөккө бараткан жолду үзүүгө эч кимдин күчү жетпейт
Koln gosteri.jpg
Koln gosteri 9.jpg
Koln gosteri 8.jpg
Koln gosteri 11.jpg
Koln gosteri 10.jpg
Koln gosteri 2.jpg

Европанын ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган түрктөр, «Төңкөрүшкө каршы демократия митинги»  үчүн Германиянын Кёльн шаарында чогулду.

Төңкөрүшкө каршы демократия платформасынын Кёльндеги Deutzer Werft аянтында уюштурган митинги Боштондук гимни жана Германиянын улуттук гимни ойнолуп башталды.

Иш-чарада Фетуллахчы террор уюму параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракети убагында шейит болгондор менен катар Париж жана Мюнхендеги кол салууларда каза болгондор үчүн таазим кылынды.

Орто эсеп менен 100дөй коом колдоо көрсөткөн «Төңкөрүшкө каршы демократия митингинде» немисче жана түркчө орток билдирүү окулду.

Кеңири коопсуздук чаралары көрүлгөн митингде 2700 полиция кызмат кылды.

Митингге Түркиядан жаштар жана спорт министри Акиф Чагатай Кылыч, талаа жана мал чарба министри Мехди Экер менен Ак партиянын эл өкүлү Мустафа Йенероглу да катышты.

Бир тараптан президент Режеп Таййип Эрдогандын телеконференция ыкмасы менен байланыш курула турган чоң экрандан элге кайрылуусуна Германиянын Конституциялык сотунун токтому менен бөгөт коюлду.

Кёльн полициясынын коопсуздук себеби менен буга уруксат бербегени боюнча, платформа алгач жергиликтүү сотко, каршы жооп алган соң андан жогорку сотко кайрылды.

Жогорку сот да полициянын пайдасына токтом чыгарган соң, токтом бир күндүн ичинде Конституциялык сотко жеткирилди.

Германиянын Конституциялык соту да Кёльн полициясын туура көрүп, мындан мурда чыгарлыган сот чечимин бекитти.

Европалык түрк демократтар биримдиги (UETD) жетекчиси Зафер Сыракая: «Укуктук жактан бул чечимдин кабыл алына турган бир жагдайы жок. Саясий чечим болгону абдан ачык көрүнүп турат. Демократияларда адамдардын пикирлерин жана ойлорун билдире албоолору же буга мүмкүнчүлүк берилбеши түшүнктүү абал»-деп айтты.

Сыракая: «Биз бул чечимге кошулбасак да, сот чечими болгондуктан ошого жараша кыймыл кылабыз»,-деди.

Президенттин басма сөз кытчысы Ибрахим Калын, Германиянын Кёльн шаарындагы «Төңкөрүш аракетине каршы демократия митингине» президент Режеп Таййип Эрдогандын видеоконференция аркылуу кошулуусуна тоскоол кылынышына каршылык көрсөттү.

Ибрахим Калын саясий партиянын өкүлдөрү, ондогон жарандык коомдордун жана миңдеген түрк жана немис атуулдарынын «Төңкөрүшкө каршы демократия» митингине президент Эрдогандын видеоконференция жолу менен кошулуусуна немис органдарынын тоскоолдук кылышын кабыл алынгыс жосун деп белгиледи.

Ибрахим Калын: «Фетуллахчы террор уюму параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетин чоң эрдик көрсөтүп мизин майтарган улутубуздун президенти катары Режеп Таййип Эрдогандын билдирүүсүнө немистердин жергиликтүү органдары жана конституциялык соту тарабынан бөгөт коюлушунун чыныгы себебин билгибиз келет. Немис органдары канааттандырарлык ачыктоону кылат деп үмүттөнөбүз»,-деп айтты.

Өткөндө жикчил террор уюмунун кыймыл жана митингдерине үн катпай калган органдардын, төңкөрүшкө каршы митингди «зомбулук болушу мүмкүн» деген сыяктуу шылтоо менен шек санап жана бөгөт болууга аракет кылышынын кабыл алынгыс экенин белгилеген Калын: «Коопсуздук чара көрүүлөрү, демократия митингин уюштуруучуларга эмес, террор уюмун жактоочуларга жана демократияга каршы провакаторлорго каршы көрүлүшү керек»,-деди.

Европа Биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик да, Германиянын Кёльн шаарында уюштурулган «Төңкөрүшкө каршы демократия митингине» президент  Режеп Таййип Эрдогандын телеконференция жолу менен байланышып элге кайрыла албоосун Германиянын Конституциялык сотунун токтому менен тоскоол кылышына каршылыгын социалдык медиа эсеби аркылуу берди.

Министр Челик: бул чечимди: «Сөз эркиндигинен жана демократиядан баш тартуу»,-деп аныктады.

Катышуучуларга телеконференция аркылуу кайрылуусу сот чечими менен четке кагылган президент Режеп Таййип Эрдогандын билдирүүсү да митингде бөлүшүлдү.

Билдирүүдө төңкөрүш аракети угулаары менен бардык жерде болгону сыяктуу Германиядагы түрк жарандарынын да чын жүрөктөн чыккан дубалары менен Түркияны жактагандарын сөз кылган Эрдоган: «Германияда жашаган шаарларында, көчөлөргө чыккан, таң аткыча өлкөсүнө колдоо көрсөткөн туугандарыма ырахматымды айтамын. Учурда Кельнде Демократияны урматоо митингинде чогулган туугандарым менен арабыздагы көңүл байланышын, жүрөктөн жүрөккө бараткан жолду үзүүгө эч кимдин күчү жетпейт. Боштондук гимнин жазган акыныбыз айткандай, улутубуздун түтөгөн эң акыркы очок өчпөстөн көз карандысыздыгынан баш тартпаганын 15-июлда дос душман ар кимге көрсөткөнүнө ишенемин»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар