НАТОдо жаңы мезгил

НАТОнун саммитинде жаңы мезгилдин каалгаларын ачуучу токтомдор чыгарылды.

526067
НАТОдо жаңы мезгил

НАТО, Польша жана Балтика өлкөлөрүнө 3-4 миң аскерден турган бирден батальон жибермей болду.

Польшанын борбор калаасы Варшавада суук согуш мезгили аяктагандан бери өткөрүлгөн НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларнын эң орчундуу саммитинде, жаңы мезгилдин каалгаларын ачуучу токтомдор чыгарылды.

Саммиттин алгачкы күнүндө чыгарылган токтомдорду баш катчы Йенс Столтенберг жарыялады. Саммитте НАТОнун Чыгыш Европада аскерлерин көбөйтүү боюнча токтом чыгаргандарына көңүл бурган Столтенберг, Латвия, Литва, Эстония жана Польшага көп улуттуу аскердик бөлүктөрүн жайгаштыра тургандарын айтты.

Столтенберг ротацияга жараша келээрки жылы Чыгыш Европага жайгаштырыла турган бул көп улуттуу аскердик бөлүктөрдө Канаданын Латвияда, Германиянын Литвада, Улуу Британиянын Эстонияда жана АКШнын Польшада башкы ролду милдеттене тургандарын айтты. Польша жана Балтикага жөнөтүлө турган батальондордун жалпы саны 3-4 миң аскерден турушу күтүлүүдө. 

Саммитке катышкан АКШнын президенти Барак Обама, Польшага 1 миң аскер жөнөтө тургандарын жарыялады. Шериктештиктин Орусияга каршы экинчи маанилүү кадамы, ракета коргонуу системасын жаңы бир баскычка өткөрүү болду. Система; Түркиядагы радар, Румыниядагы система жана Испаниядагы согуштук кемелердеги системанын байланыштырылышы менен алгачкы операциялык баскычка өттү. Ракеталык коргонуу системасынын башкаруусу да АКШдан НАТОго өтүүдө. Каралган башка тема Румыния менен Болгариянын Карадеңизде НАТОнун аскерлеринин арттырылышы багытындагы демилгелери болду.

Карадеңизде абада жана деңизде аскердик күчтүн көбөйтүлүшү үчүн эмнелер жасалса боло турганы коргоо министрлери тарабынан каралып чыгып, октябрь айындагы жыйналышта талкууланат. Шериктештик кибердик коргонууну да алгач ирет кургактык, деңиз жана аба сыяктуу операциялык тармак деп жарыялады. Ушул алкакта мүчө өлкөлөр өзүнүн кибердик коопсуздук чараларын арттырып, ошону менен бирге маалыматтарды бөлүшөт.

Столтенберг бул чара көрүүлөр менен, мүчө өлкөгө болгон кол салуунун бардык мүчөлөргө жасалган болуп саналаарын Орусияга көрсөткөнүн айтты. Муну менен бирге Столтенберг, Орусия менен болгон диалог үзүлбөй турганын, «Орусия чоң күч. Эч ким Орусияны изоляция кыла албайт, кылбашы да керек»- деген сөздөрү менен баа берди.

Баш катчы Варшава саммитинде чыгарган чечимдерди шаршемби күнү боло турган Орусия-НАТО кеңешинин жыйналышында орус тарабына түшүндүрө тургандарын белгилеп кетти. Орусиянын президенти Владимир Путиндин саммиттен мурда Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Франциянын президенти Франсуа Олланд менен телефон аркылуу байланышып сүйлөшкөнү көңүл бурду. Олланд Орусиянын душман эмес өнөктөш катары каралышы керектигин белгиледи.

Жыйналыштарын Ооганстан жана Украинанын лидерлери менен өткөрө турган жолугушуулар менен жыйынтыктай турган лидерлер, терроризмге каршы көрүлө турган чараларды да жарыялашат. Саммит убагында лидерлер НАТОнун учактары даярдаган абада тартылган видеосун көрүштү. Буга түрк учактары да кошулду. Түркия, Варшава саммитинде аба мейкиндигинин корголушуна Коньядан учкан учактары менен салым кошууда.

Саммит айрым лидерлер үчүн алгачкы жаңылыктар болсо, айрымдары үчүн аяктоо мүнөзүндө болду. АКШнын президенти Барак Обама менен Англиянын премьер-министри Дэвид Кэмерондун акыркы саммити болсо, Столтенберг башкарган алгачкы саммит болду.



Тектеш кабарлар