Газага жардам

10 миң тонналык гуманитардык жардам Газага жеткирилет

520497
Газага жардам

Түркия менен Израилдин ортосунда түзүлгөн келишимден кийин Газага алгачкы жардам 1-июль жума күнү Мерсин портунан жол тартат.

10 миң тонналык гуманитардык жардам «Лейла Ханым» аттуу кеме менен жөнөтүлөт.

Жардамдар Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы (АФАД), Жер өсүмдүктөрү кеңсеси жана Түрк Кызылайы тарабынан даярдалды.

Кемеге 10 миң азык-түлүк каропкасы, 5 миң тонна ун, 2 миң тонна күрүч жана 3 миң тонна шекер жүктөлөт.

Жүз миң майрамдык кийим жана 10 миң оюнчук менен да Рамазан майрамында газалык балдар кубандырылат.

Жардамдар Израилдин Ашдод портунан Газага жеткирилет.

Кызылайдын төрагасы Керем Кынык: «Кызматкерлерибиз Ашдод портунда. Жардамдар орто эсеп менен 450 фура унаасына толот. Бул жардамдарды авто жол аркылуу Газага жеткиришет. 1,8 миллион калктуу Газада көпчүлүгү б.а 80 пайызы баш калкалоочу жана эмбаргонун себебинен кыйын абалда турган адамдар жашайт. Жардамдар ал жердеги Палестина Кызылайынын кызматташуусунда муктаждыгы бар үй-бүлөлөргө таркатылат»,-деди.

АФАДдын бейөкмөт уюмдарына чакырыгынан кийин Дениз Фенери коому да Газа үчүн 1 фура унаасы толгон азык-түлүк жардамын даярдады.



Тектеш кабарлар