Орусия Түркияны жыйынга чакырды

Сочиде өтө турган жыйынга Түркия менен Украинанын тышкы иштер министрлеринин катышуусу күтүлүүдө

517434
Орусия Түркияны жыйынга чакырды

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Василий Небензя Түркияны Карадеңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун жыйынына чакыргандарын билдирди.

1-июлда Сочиде өтө турган жыйынга Түркия жана Украинанын тышкы иштер министрлеринин катышуусун күткөндөрүн айткан Небензя азырынча жооп албагандарын сөз кылды.

Небензя жолугушуунун форматына ылайык эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлбөндүгүн бирок Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен ушундай сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова да, Карадеңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун жыйынына Түркиянын Тышкы иштер министрлигин чакыруу Орусиянын уюштуруучу катары милдети экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар