Түштүк Корея Түндүк Кореянын эки баллистикалык ракета сынагандыгын билдирди

Биринчи сынактын ийгиликсиз болгондугу, экинчи ракетанын болсо 400 километр учкандыгы белгиленди

515874
Түштүк Корея Түндүк Кореянын эки баллистикалык ракета сынагандыгын билдирди

Түштүк Корея Түндүк Кореянын эки жаңы баллистикалык ракетасын сынагандыгын, булардын бирөөсүнүн ийгиликсиз болгондугун билдирди.

Түштүк Кореянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта биринчи сынактын ийгиликсиз болгондугу, экинчи ракетанын болсо 400 километр учкандыгы белгиленди. Түштүк Кореянын президенттик офиси окуялар тууралуу коопсуздук жыйынынын өткөрүлөрүн жарыялады.

АКШлык жетекчилер ракетанын Япон деңизине түшүшү мүмкүн экендигин белгиледи. АКШнын катчысы окуяны айыпташкандарын, абалга баа берүүнүн улантылып жаткандыгын айтты. Катчы атылган ракеталардын Түндүк Америка үчүн коркунуч экендигин баса белгилешти.

Япония Түштүк Кореянын ракета сынагынын БУУнун чечимин бузгандыгын жана абалга катуу түрдө каршы чыгуу керектигин билдирди. Акыркы эки айдын ичинде Түндүк Корея тарабынан атылган төрт ракета пландалгандан мурда жарылган же жерге түшкөн.

 



Тектеш кабарлар