Зика вирусуна каршы иштелип чыккан вакцина алдыдагы жумаларда сынала баштайт

Жыйынтыктары 2016-жылдын аягында жарыялана турганы билдирилди

515088
Зика вирусуна каршы иштелип чыккан вакцина алдыдагы жумаларда сынала баштайт

АКШнын азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы тарабынан бекитилген Зика вирусуна каршы иштелип чыккан вакцина адамдарга сыналат.

Дары-дармек чыгаруучу эки фирма маалымдагандай, зикага каршы вакцинанын АКШнын азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы тарабынан бекитилгендиги жана алдыдагы жумаларда адамдарга сынала баштай турганы белгиленди.

Билдирүүдө вакцинанын алгач 40 ыктыярдууга сыналаары жана жыйынтыктарынын 2016-жылдын аягында жарыялана турганы баяндалды.

Адамдарга чиркейлерден тышкары, кан жана жыныстык жол аркылуу да жуккандыгы аныкталган зика вирусу, алгач 1947-жылы Уганданын Зика токойлорундагы маймылдарда табылган. Көпкө чейин токтоп турган вирус 2015-жылдын май айында Бразилияда кайрадан катталган.

Зика вирусу көбүнчө кош бойлуулар үчүн өтө кооптуу, анткени ал түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирет.

Белгилери денеге бүдүрлүү кызыл темгилдер чыгып, дене табы көтөрүлөт. Көз кызарып, муундар ооруп, калтырап-чыйрыгуу күтүлөт. Бул ооруга каршы вакцина же дары-дармек жок. 



Тектеш кабарлар