Орус учактары Халепке кол салды
Асад күчтөрү аймакка пулеметтор менен кол салып, орус реактивдери Касталло жолун бомбалады
Орус армиясына таандык аскердик учактар Халепте башкарууга каршылардын бир гана чыгуучу жери болгон Хандарат аймагына абадан кол салды.
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Асад күчтөрү да аймакка пулеметтор менен кол салып, орус реактивдери Касталло жолун бомбалады.
Халептеги Шехба Пресстин редактору Мамун Хатиб орустардын максатынын оппозициячылдар колдонгон Кастилло- Хандарат кысыгын колго алып шаарды курчоого алуу экендигин белгиледи.
Режимдин бир канча күндөн бери орус реактивдеринин абадан колдоо берүүсү менен аймакка кол салганына токтолгон Хатиб : «Асад күчтөрү кечээ Ел Кудүс полку менен Иран жана Ирак куралчандары менен аймакка кол салды. Оппозициячылдардын каршы чыгуусу менен беттешкен режим күчтөрү абдан чоң жоготууга учурап аймактан чегинүүгө мажбур болду»,- деди.