Украинада орус кинолорунун көрсөтүлүшүнө тыюу салынды

Петр Порошенко орус кинотасмаларынын өлкөдө көрсөтүлүшүнө тыюу салган мыйзамды кабыл алды.

475420
Украинада орус кинолорунун көрсөтүлүшүнө тыюу салынды

Украинанын президенти Петр Порошенко 2014-жылдын 1-январынан тарта тартылган орус кинотасмаларынын өлкөдө көрсөтүлүшүнө тыюу салган мыйзамды кабыл алды.

Жооптуу кызматкерлердин айтымына караганда бул мыйзам, улуттук коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, коомдогу сепаратисттик ойлорду азайтууга жана мамлекеттик ыйгарым укуктарын күчөтүүгө багытталган.

Мыйзам 29-мартта парламентте кабыл алынган.

Орус кабар агенттиги ТАСС, аты аталган тыюу салуунун кинотасмалар менен катар сериал жана теле-программаларды да камтыганын билдирди.

Украинада 400дөн ашуун орус кинотасма жана сериалына 2014-жылдын август айынан бери көрсөтүлүшүнө тыюу салынганы белгиленүүдө.



Тектеш кабарлар