Иракта Мусулду ДЕАШтан куткаруу операциясы

Иракта Мусулду террордук уюм ДЕАШтан куткаруу операциясында Сирия чек арасындагы аймак колго алынды

458773
Иракта Мусулду ДЕАШтан куткаруу операциясы
  • Иракта Мусулду террордук уюм ДЕАШтан куткаруу операциясында Сирия чек арасындагы аймак колго алынды. Ирак армиясынан берилген маалыматта Синжар аймагындагы чек ара аянтынын ДЕАШтан кайра алынганы билдирилди. Маалыматта езиди жана уруу күчтөрүнүн аймакта текшерүүнү колго алганы белгиленди. Аймак ДЕАШ террористтеринин Сирияга өтүүчү жолдорунун бири.
  • Өлкөнүн бытышындагы Энбарда болсо Кубейсе кыштагы толугу менен ДЕАШтан куткарылды жана расмий имараттарга Ирак желектери илинди.
  • Энбар облустук парламентинин коопсуздук комитетинин мүчөсү Ражи ел - Афян Ирак күчтөрүнүн ДЕАШтын кыштакта калган бардык жерлерин жок кылганын, расмий имараттарга жана кээ бир үйлөргө жайгаштырган жарылуучу заттар менен миналардын тазаланганын билдирди.


Тектеш кабарлар