Дональд Трамп добуштардын 42 пайызын алды

Трамп президенттик шайлоодо жеңүүчү боло турган болсо АКШ – Мексика чек арасына дубал тургузарын билдирген

438497
Дональд Трамп добуштардын 42 пайызын алды

АКШда 8 - ноябрда боло турган президенттик шайлоодо ат салыша турган талапкерлердин белгиленүүсү үчүн алдыңкы шайлоо улантылууда. Невада провинциясында Республикачыл партиясынын үкөгүнөн мусулмандарга каршы сөздөрү менен күн тартибине кирген Дональд Трамп чыкты. Алгачкы жыйынтыктар Трамптын добуштардын 42 пайызын, эң жакын атаандашы Флорида сенатору Марко Рубионун добуштардын 25 пайызын алганын көрсөтүүдө.

Бул миллиардер ишкер Трамптын Нью-Гемпшир жана Түштүк Каролинадан кийинки үчүнчү жеңиши.

Латын тектүүлөр көп жашаган Невада арсар болгон шайлоочу көп болгон аймактардан болуп саналат. Качкындарга каршы саясаттарды жактаган Трамп президенттик шайлоодо жеңүүчү боло турган болсо АКШ – Мексика чек арасына дубал тургузарын билдирген.

Демократиялык партиянын аймакта ишемби күнү болгон шайлоодо мурунку тышкы иштер министри Хиллари Клинтон жеңип чыккан.



Тектеш кабарлар