Франция виза саясатын алмаштырбайт...

Шенген эрежелери боюнча магистратураны окуп бүтүргөн түрк студенттерине эң жок дегенде виза 1 жылга берилет.

412857
Франция виза саясатын алмаштырбайт...

“13-ноябрда болгон терракт үчүн виза саясатын алмаштырбайбыз”- деди Стамбулдагы Франциянын башкы консулу Мюриэль Доменак.
Доменак Шенген эрежелери боюнча визалык режимди жеңилдетүү кадамын таштагандарын белгилеп: “Биз виза берүүнү жеңилдетип атабыз. Түрк туристтери, студенттери, сүрөтчүлөрү, бизнесмендери жана жаштарынын бизге келгенин абдан каалайбыз, анткени бул биздин кызыкчылыгыбызгө төп келет”-деди.
Мюриэль Доменак Францияда окуп жаткан түрк студенттерине жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берилгенин Түркиядагы Франциянын элчиси Чарльз Фрис жарыялаганын эске салды.
Башкы консул: “2016-жылдын 1-январынан тарта Шенген эрежелери боюнча магистратураны окуп бүтүргөн түрк студенттерине эң жок дегенде виза 1 жылга берилет. Бул маанилүү кадам”- деп айтты.
Париждеги терракттан кийин виза алуучулардын саны азайган жок, оңой жана бат берүү үчүн бардык күчүбүздү жумшап атабыз деп баса белгиледи Доменак.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар