Жер титирөөдөн каза болгондордун саны көбөйүп баратат

Урандынын астында калгандарды издеп-куткаруу иштери уланып жатат.

358933
Жер титирөөдөн каза болгондордун саны көбөйүп баратат

Ооганстандагы 7,5 баллдык жер титирөөнүн себебинен Ооганстан менен Пакистанда каза болгондордун саны 311ге жетти. Пакистан эки миңден ашуун жаралуу бар экенин билдирди.
Эпицентри Ооганстандын Гиндукуш тоолору болгон 7,5 баллдык жер титирөөдө Ооганстан, Пакистан жана Индия термелди.
Жердин 212,5 километр астында болгон жер титирөөдөн кийин Пакистандын түндүк бөлүгүндө көп сандаган үйдүн урап калганы, урандынын астында калгандарды табуу үчүн издеп-куткаруу иштери уланып жатканы белгиленди.
Өлкөнүн жалпысында өзгөчө кырдаал жарыяланды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар