ДЕАШты тазалоо үчүн Израиль баткагын тазалаш керек

Урейкат Израилдин согуш кылмышын кылып жатканын АКШга билдиргендерин маалымдады.

358697
ДЕАШты тазалоо үчүн Израиль баткагын тазалаш керек

Палестинанын Боштондук уюмунун баш катчысы Урейкат, аймакты ДЕАШ жана радикал идеологиялардан тазалагысы келгендердин «Эң оболу Израилдин баскынчы баткагын тазалашы керектигин» айтты.
Саиб Урейкат Египеттин борбор шаары Каирде Палестинанын элчилигинин маалымат кеңсеси уюштурган маалымат жыйынында, Египет, Иордания жана башка араб өлкөлөрүнүн, Палестина калкына карай бузукулуктардын соңуна чыгарылышы боюнча кылган мамилелери жана дипломатиялык мамилелеринен мактоо менен сөз кылды.
Урейкат: «Батыш Шериа, Иерусалим жана Газага карай кол салууларды, бала, ымыркай дебестен кылынган кылмыштарды жана отурукташуучулардын кол салуулары убагында коргоо камсыздала албоосунан келип чыга турган жоопкерчиликтерди жалгыз Израиль моюнга алат»-деди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керриге Палестина калкына кылынган акыркы бузукулуктарды документтеген үн жана видеолор менен кошо 5 документти тапшыргандарын айткан Урейкат: «Иерусалимди еврейлештирүү, жерлерин басып алуу жана отурукташкан жерлерди куруу үчүн тобу менен кыргын салган жана өлүмгө учураткан кол салуудан өзүн коргогон карапайым адамдарга карата Израиль согуш кылмышын кылып жатат»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар