Венгрия - Сербия чек арасы

Хоргос – 2 чек арасы кайрадан ачылды

397733
Венгрия - Сербия чек арасы

Качкындардын келиши менен 16 - сентябрда жабылган Венгрия – Сербия чек арасындагы Хоргос – 2 чек арасы кайрадан ачылды.
Чек аранын кайрадан ачылышы менен өткөрүлгөн иш чарага Венгриянын ички иштер министри Сандор Пинтер жана Сербиянын ички иштер министри Небойца Стефанович да катышты.
Стефанович качкын кризисинин чечилүүсү үчүн Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн эң туура чечим чыгарарын белгилеп, качкындардын коридору катары колдонулган Балкан өлкөлөрүнүн «эң оор жүктү» көтөрүүсүнүн мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.
Кризис башталган күндөн бери Сербия аркылуу 230 миң кишинин өткөнүнө көңүлдөрдү бурган Стефанович качкындардын Македония аркылуу Сербияга келе баштаганын айтты.
Пинтер да качкындардын келүүсүнө бөгөт болуу үчүн жабылган Хорос - 2 чек ара капкасынын кайрадан ачылышынан улам ыраазчылыгын билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы авто жолунун нормалдашканын белгиледи. Мындан мурда Сербия аркылуу Венгрияга кирген качкындар Венгриянын Сербия чек арасын жабуусу менен Хорватияга карай багыт алышкан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар