Грузиядан Орусияга экинчи нота

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым – катнаштарды Швейцариянын Тбилиси жана Москвадагы элчиликтери жүргүзүүдө

324430
Грузиядан Орусияга экинчи нота

Грузиянын тышкы иштер министрлиги бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Түштүк Осетиядагы орус аскерлеринин текшерүү аянттарын кеңейтүүсү тууралуу Орусияга нота берди.
Грузиянын тышкы иштер министрлиги Швейцариянын Тбилиси элчилигине Орусияга билдирүү үчүн нота берилгенин билдирди. Министрликтин расмий интернет сайтында орун алган маалыматта Грузиядан бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Түштүк Осетиядагы орус аскерлеринин 10 - августта Грузиянын Карели районунун «Рамарашени» жана «Тсеронисса» айылдарында жаңы чек ара белгилерин жайгаштырганы билдирилди.
Орус аскерлери тарабынан акыркы бир айда ушуга окшогон чек ара белгилеринин 3 жолу алмаштырылганы белгиленген маалыматта Орусия федерациясынын «кол салуучу кыймылдары» аймакта ыраатсыздык жараткан абалдын бар экени билдирилди. Грузия менен Орусиянын ортосунда 2008 - жылы август айында болгон кагылышуулардан кийин Орусия бир тараптуу болуп көз карандысыздыгын жарыялаган Абхазия жана Түштүк Осетияны таныганын билдирген. Грузия Орусия менен дипломатиялык карым – катнаштарын токтоткон болчу. Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым – катнаштарды Швейцариянын Тбилиси жана Москвадагы элчиликтери жүргүзүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар