Хамас айрым маалыматтарды төгүнгө чыгарды

Хамастын Арабияга барганы тууралуу маалыматтар жокко чыгарылды.

346278
Хамас айрым маалыматтарды төгүнгө чыгарды

Хамас, Йемендеги хусилерге каршы багытталган операцияларга катышуу үчүн Сауд Арабия менен келишим түзгөнү тууралуу кабарларды төгүнгө чыгарды.
Хамас бул жарыяны Ирандагы Фарс кабар агенттигинин жарыялаган кабарынан улам жасады.
Фарс кабар агенттиги, Хамас делегациясынын Сауд Арабияга болгон иш сапарында, Мешалдан Хусилерге каршы жүргүзүлгөн операцияга катышуусу үчүн 700 аскер талап кылынганын билдирген.
Хамастын жарыясында, бул кабардын жалгандыгы жана Сауд Арабия сапарынын каралануусуна аракет кылынганына басым жасалган.
Сауд Арабияга 2012-жылдан бери алгачкы сапары менен келген Хамастын саясий бюро башчысы Мешаль, өткөн шаршемби күнү Риядда жооптуу кызматкерлер менен жолугушту.
Эскерте кетсек, Газа тилкесинде Хамас мүчөлөрүнүн унааларына каршы кол салуулар уюштурулду.
Үйлөрүнүн алдында парк абалында турган 5 унаа удаама-удаа жардыруулар менен зыянга учурады.
Окуяда өлгөн жана жабыркаган адамдардын саны анык эмес, жардыруунун жооптуусу ким экендиги да белгисиз.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар