НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусияны эскертти

Столтенберг Москваны Украинадагы орусиячыл топторго колдоо көрсөтүүсүн токтотууга чакырды.

319473
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусияны эскертти

Москванын Украинадагы орусиячыл топторго колдоосун арттырганын белгилеген Столтенберг, аймакта катуу кагылышуу болуу коркунучу бар экенин баса белгиледи.
НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны үчүн Брюсселге барган Столтенберг, Кремль башкаруучулугун да орусиячыл топторго колдоо көрсөтүүсүн токтотууга чакырды.
Украинада ок атпоо келишиминин эрежелери бузулуп жатканын белгилеген НАТОнун баш катчысы, учурдагы абалдын катуу кагылышууларга себепчи болуу коркунучу бар экенин айтты.
Орусиянын дагы эле өз колдоочуларына аскер жана курал-жарак жардамын көрсөтүп жатканына көңүлдөрдү бурган Столтенберг, Москваны дагы да жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.
Столтенберг айрыкча НАТОнун Укриананын жеринин бүтүндүгүнө ар дайым маани бергенин белгилеп, Орусиянын мыйзамсыз кыймылдарын кабыл албай тургандарын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар