Замбиянын президенти безгек оорусуна чалдыкты

Лунгуга "безгек оорусу" диагнозу коюлду.

255119
Замбиянын президенти безгек оорусуна чалдыкты

Замбиянын президенти Эдгар Лунгу, Айымдардын эл аралык күнүнөн улам уюштурулган иш-чарада сүйлөп жатып эс-учун жоготуп жыгылды.
Ооруканага жаткарылган Лунгуга "безгек оорусу" диагнозу коюлду.
Эдгар Лунгу, бираз эс алуусу керектигин жана кабатыр кылуучу эч нерсе жок экенин айтты.
Көпкө ооруп жүрүп өткөн жылы каза болгон Майкл Салтанын ордуна Эдгар Лунгу январь айында президенттик кызматка шайланган болчу.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар