Нигердеги кол салууда 36 киши каза болду

Өлкөдө 3 күн аза күтүү

223262
Нигердеги кол салууда 36 киши каза болду

Өлкөнүн түштүгүндөгү Абадам аймагына жасалган абадан кол салууда 36 киши каза болду, 24 киши жараланды. Нигер өкмөтүнүн катчысы жана юстиция министри Мару Амаду  өлкөнүн улуттук телекөрсөтүүсүндө жарыяланган билдирүүсүндө абадан кол салуунун бир жаназа зыйнаты учурунда жасалганын айтты. Амаду  кол салуунун Боко Харам тарабынанбы же Нигер же болбосо Нигерияга таандык күчтөр тарабынан жаназа зыйнаты өткөрүлгөн жердин террористтреге таандык аскердик аянт экени ойлонулуп жаңылыштык менен бомбаланганы билинбегенин билдирди.Кол салуу тууралуу териштирүүнүн башталыганын айткан Амаду жалпы өлкөдө 3 күн аза күтүү жарыяланганын билдирди.  


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар