Египеттеги операцияларда 47 киши каза болду
Египет армиясы Сина жарым аралында «террордук уюм» катары мүнөздөлгөн топторго карата 2013 - жылы сентябрь айынан бери операциялар жүргүзүүдө
Египет армиясы Сина жарым аралында террордук уюм катары мүнөздөгөн топторго карата операцияларын улантууда. Абадан жана кургактыктан жасалган операцияларда ДЕАШка караштуу экенин билдирген «Сина аймагы тобу» бутага алынды. Синанын түндүгүндөгү Тевме жана Эбулфите айылдарында куралдуу топтор баш калкалаган аймактар апачи моделиндеги тик учарлар менен бомбаланды. Кол салууда топко таандык 27 террорист өлтүрүлдү.
Египет армиясы абадан кол салуулардан кийин кургактыктан жасалган операцияларда да 20 кишинин өлтүрүлгөнүн билдирди. Сина аймагы тобу январь айынын акырында Египет коопсуздук күчтөрүнө каршы жасалган жана 30 киши каза болгон кол салуунун жоопкерчилигин моюнга алган.
Египет армиясы Сина жарым аралында «террордук уюм» катары мүнөздөлгөн топторго карата 2013 - жылы сентябрь айынан бери операциялар жүргүзүүдө. Ошол эле учурда Египеттин Искендерия шаарында проспектиге жайгаштырылган бомбанын жарылуусу менен 1 киши каза болуп, 4 киши жараланды.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.