Кытайда кеме апааты

Апатта 21 киши каза болду

187676
Кытайда кеме апааты

Кытайдын Цзянсу дарыясында бейшемби күнү болгон кеме апаатында 21 киши каза болду.
Жоголгон бир кишини издөө иштери улантылууда. 25 кишилик бир жээк буксири өлкөнүн чыгышындагы Янцзы провинциясындагы Цзянсу дарыясында оодарылып калган. Кемеде Сингапур, Япония жана Франция жарандары да болгон. Кытайлык жетекчилер 3 кишинин куткарылганын, 21 кишинин болсо сөөгүнүн табылганын билдирди. Жоголуп кеткен француз жаранын изилдөө иштери улантылууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар