Индонезиядан учкан учактын кыйрандысы табылды

Учактын кыйрандысы кечээ Индонезияга жакын жердеги деңизде табылды.

167417
Индонезиядан учкан учактын кыйрандысы табылды

4 күн мурда 162 жүргүнчүсү менен Сингапурга барыш үчүн учкан жана радар менен байланышы үзүлгөн Азия аба жолдорунун учагынын кыйрандысы кечээ Индонезияга жакын жердеги деңизде табылды.
Индонезия аба күчтөрүнө караштуу «Херкүл» аттуу учагы сууда калкыган жана учак кыйрандысына окшогон бөлүкчөлөрдү белгиледи. Аймактагы изилдөөлөрдө айрым сөөктөр табылды.
Ява деңизинде шамалдын айынан тыныгуу берилген сөөк чыгаруу иштери кайрадан уланууда. Канча сөөк чыгарылганы туурасында так маалымат бериле элек.
Бул учурда учкучтун текшерүүчү мунара менен акыркы сүйлөшүүсүнүн тексти жарыяланды.
Учкуч Сурабаядан учкандан 50 мүнөт өткөн соң текшерүүчү мунарага телефон чалып шамалдын айынан солго бурулууга аргасыз болуп жатканын билдирген.
Мунара уруксат берген соң 7 мил солго бурулган учактын учкучу, бир канча мүнөттөн кийин булуттардан ашып өтүш үчүн 38000 фут жогорулоо талабын кылган.
Мунара ал бийиктикте башка учактар болгону үчүн 34000 футка уруксат берген.
Бул сүйлөшүүдөн 3 мүнөт өткөн соң учактын радар менен байланышы үзүлгөн.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар