БУУнун климаттык өзгөрүүлөр боюнча саммити

БУУнун Климаттык өзгөрүүлөр боюнча саммитинде лидерлерге глобалдык ысууга каршы биргелеше күрөшүү чакырыгы ташталды.

137297
БУУнун климаттык өзгөрүүлөр боюнча саммити


АКШнын президенти Барак Обама саммиттеги сөз сүйлөөсүндө, глобалдык ысуунун дүйнө үчүн эң орчундуу коркунучтардын бири экенин айтты.
Өлкөсүнүн глобалдык ысууга каршы күрөшүүдө өз милдетин аткарат деп убада кылды.
Эч бир өлкө өзү жалгыз глобалдык ысуу менен күрөшө албай турганын баяндаган Обама, бул тема боюнча келээрки жылы Парижде келишимге кол коюуга чакырды.
Обама, абага бөлүнүп чыгарылган уулуу газдардын көлөмүн АКШ 2020-жылга чейин 17 пайыз азайта турганын билдирди.
Саммитте Европа Биримдиги 2030-жылга чейин уулуу газдын көлөмүн 40 пайыз төмөндөтүүгө убада кылды.
Франция өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн абага бөлүнүп чыгарылган уулуу газдарынын көлөмүн азайтуу жана токойлордун корголуусу үчүн 2009-жылы түзүлгөн фондго 1 миллиар доллардык салымын кошо турганын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар