Иран делегациясы атомдук сүйлөшүүлөр үчүн АКШга барды
Атомдук сүйлөшүүлөр эртең башталат.
Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф жана аны коштогон делегация, 5+1 өлкөлөрү менен атомдук сүйлөшүүлөр үчүн АКШга барды.
Ирандын маалымат агенттиги ИРНА сүйлөшүүлөр эртең Зариф жана Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштондун жетекчилигинде баштала турганын билдирди.
Иран менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу мүчөсү жана Германиянын ортосунда өткөн жылы өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө, эл аралык санкциялар азайтылган учурунда Тегерандын да атомдук программасына чектөө коюшу көздөлгөн болчу. 2013-жылы 24-ноябрда Женевада түзүлгөн убактылуу келишим менен санкциялар жеңилдетилген жана туруктуу келишимдин 20-июлга чейин түзүлүүсү пландалган. Бирок бир канча жолу жолугушушкан тараптар, убактылуу келишимди 24-ноябрга жылдырууга чечим чыгарышкан болчу.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа жана Рефахка кол салуулары...
Израилдик күчтөр Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы аймактарга кирди.