Күндө чоң жарылуулар болду

Күндөгү жарылуулар чоң радиацияны жаят.

112152
Күндө чоң жарылуулар болду

НАСАнын күн динамикалары обсерваториясынын интернет барагында орун алган маалыматтарга караганда 25-26-августта күндүн бетинде абдан көп жарылуулар байкалды.
Күндүн сол тарап жагында орто өлчөмдөгү көп сандаган от тобу бир канча жолу удаама-удаа жарылды. Күндөгү жарылуулар чоң радиацияны жайса, зыяндуу радиациялык нурлар атмосферанын ичинен өткөн жок жана жер жүзүндөгү жандууларга таасир тийгизген жок.
М5 деп аталган эки жарылуу Х классындагы андан күчтүү жарылуудан күчү 10 эсе дагы аз . Калгандары болсо бул деңгээлдин астындагы жарылуулар катары аныкталууда.
NASA жарылууну байкай алыш үчүн бирдей эле толкундагы ультра кызгылт нурларды кармады жана мунун натыйжасында абдан кооз көрүнүштөр пайда болду.
Айрым М5 күчүндөгү жарылуулар жетиштүү түрдө тыгыз болушса, жер шарындагы сигналдарга жана спутниктерден маалымат алуу жолу менен аткарылган кабарлашуу желелерине таасир тийгизет.
Ал эми август айынын ичинде мындай түрдөгү бузулуулардан бир канчасы гана билдирилгени белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар