БУУ Ирак тууралуу токтомун жарыялады

Бириккен Улуттар Уюму Иракта уланып жаткан зомбулук окуяларынын чыгымын да жарыялады.

111437
БУУ Ирак тууралуу токтомун жарыялады

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары кеңеши Ирактагы адам укуктарын бузууларга байланыштуу токтом долбоорун кабыл алды.
Токтомдо Ирак-Шам Ислам мамлекети тобу жана аны менен байланышы болгон топтордун кылган кыймылдары боюнча Иракта болгон трагедиялуу адам укуктары жана адам укуктарын бузуулар терең санаага салганы белгиленип, бул бузуулар айыпталды.
Токтомдо өлкөдөгү адам укуктарын бузуулардын изилдениши үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун жогорку комиссардыгынын ичинде бир миссия түзүлүшү жактырылды.
Бир тараптан Бириккен Улуттар Уюму Иракта уланып жаткан зомбулук окуяларынын чыгымын да жарыялады.
Андагы сандар ИШИМдин зомбулуктарын көз алдыга жайды.
Анда Иракта август айында болгон террордук кол салууларда эң аз 1420 киши каза болгону, эң аз 1370 киши жараланганы белгиленди.
Бирок бул сандар Сириянын территориясындагы Анбар провинциясын камтыбагандыгы билдирилди.
Билдирүүдө ичиле турган суу таба албай калуу, начар тамактануу жана дары-дармектин жетишсиздиги сыяктуу экинчи орундагы таасирлердин себебинен каза болгондор чыгымга кошулбагандыгы баса белгиленди.
Бириккен Улуттар Уюмунун көрсөткүчтөрүнө караганда август айында 600 миң киши Иракта жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар