Президент Обамага ИШИМ туурасында чакырык ташталды

Керектүү чаралар көрүлбөсө ИШИМ Америка Кошмо Штаттарына же болбосо Европадагы шериктештерине кол салышы мүмкүн.

110297
Президент Обамага ИШИМ туурасында чакырык ташталды

АКШ Конгрессинин эки канатындагы чалгындоо комитеттеринин башчыларынан президент Обамага ИШИМ туурасында чакырык ташталды...
Керектүү чаралар көрүлбөсө Ирак-Шам Ислам мамлекети тобу (ИШИМ) Америка Кошмо Штаттарына же болбосо Европадагы шериктештерине кол салышы мүмкүн.
Бири республикачыл, экинчиси демократ болгон Конгресстин эки жооптуу мүчөсү ИШИМ террористтеринин мындан кийинки максаттары үчүн АКШ же болбосо Батыш Европага багытталуу ниетинде экендигин жактады.
Конгресстин мүчөлөрү керектүү чараларды көрбөгөн учурунда ИШИМдин АКШга же шериктештерине кол салуу ыктымалдуулугуна байланыштуу санааркоолорун билдиришти.
Конгресстин мүчөлөрү Обамадан ИШИМ коркунучунун мизин майтарууга карай кадамдарды таштоосун жана кеңири бир стратегия өнүктүрүп чыгуусун талап кылышты.
Эл өкүлдөр палатасынын чалгындоо комитетинин башчысы республикачыл Майк Роджерс Обаманын тышкы саясаты үчүн «толук төмөндөп баратат» сөзүн айтты.
Роджерс ИШИМ менен бирге согушкан америкалыктардын чөнтөгүндөгү АКШ паспорту менен Америка Кошмо Штаттарына кайтуусунда туудура турган коркунучка шилтеме кылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар