Украинадагы акыркы кырдаал

Орусияга таандык брондолгон унаалардын Украина чек арасынан өткөндөн кийин Мариуполь шаарына карай илгерилеп баратканы билдирилди.

102881
Украинадагы акыркы кырдаал

Украинада кагылышуулар болуп жатканы маалымдалды.
Кагылышуулар Орусия чек арасына 10 километр алыстыкта орун алган Украинанын түштүк-чыгышындагы Новоазовск аймагында тыгыздашты.
Орусияга таандык 50 чакты брондолгон унаанын Украина чек арасынан өткөндөн кийин Мариуполь шаарына карай илгерилеп баратканы билдирилди.
Украина армиясынын катчысы, орус күчтөрүнүн Донецк аймагында жаңы фронт ачууга даярданып жаткандарын билдирди.
Бир тараптан Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинага жаңы жардам конвою жөнөтүлө турганын жарыялады.
Лавров бул унаалардын биринчи конвойдун багытын колдонуп Украинага жардам жеткире турганын айтты.
Конвойдун ушул жуманын ичинде жолго чыга турганын баяндаган Лавров, Украина өкмөтүнө тема тууралуу маалымат берилгенин билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар