Орус саясатчыга Польша менен Латвия каршы чыкты

Орус саясатчынын сөздөрүнө катуу каршы чыккан Польша жана Латвия Орусия элчилерин тышкы иштер министрлигине чакырышты

90496
Орус саясатчыга Польша менен Латвия каршы чыкты

Улутчулдугу менен билинген орус саясатчы Владимир Жириновский Батыш менен Орусиянын арасында согуш чыга турган болсо Пльша менен Балтика өлкөлөрүнүн «картадан жок болорун» айткан болчу.
Орус саясатчынын сөздөрүнө катуу каршы чыккан Польша жана Латвия Орусия элчилерин тышкы иштер министрлигине чакырышты.
Латвиянын тышкы иштер министрлиги : «Маалыматтар Орусия императорлугун кайрадан жандандыруу каалоосун күчтүү түрдө билдирүүдө»,- деди. Польшанын тышкы иштер министрлиги да : «Булар жөн эле бир жарандын айткан сөздөрү эмес»,- деп каршы чыкты. Орусиянын Варшавадагы элчилиги болсо Орусия өкмөтүнүн атынан сүйлөбөгөн Жириновскийдин айткан сөздөрүн түшүндүрүүгө мажбур эмес экендерин билдирди.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар