Иракта бийлик үчүн күрөш кызып баратат

Нури аль Малики президент Фуад Масумдун өкмөттү түзүү милдетин тапшырган Хайдар аль-Ибадини тааныбаганын жарыялады.

88326
Иракта бийлик үчүн күрөш кызып баратат

Нури аль Малики президент Фуад Масумдун өкмөттү түзүү милдетин тапшырган Хайдар аль-Ибадини тааныбаганын жарыялады.
Ирактын премьер-министри Нури аль-Малики Хайдар аль-Ибадинин жаңы өкмөт башчы болуп дайындалышын конституциянын коркунучтуу түрдө бузулушу катары санагнын жана сотко кайрыла турганын айтты.
Малики лидерлигин кылган Дава партиясы да премьер-министрликке талапкерлеринин дагы эле Малики болгонун жарыялады.
Ибадинин өкмөттү түзүү менен милдеттендирилиши Америка Кошмо Штаттары жана Англияда ыраазычылык менен кабыл алынды.
АКШнын вице-президенти Жо Байден Ибадиге телефон аркылуу байланышып аны куттуктады.
Ибадинин анда ИШИМге каршы туруу жана ирактыктар үчүн дагы жакшы келечекти куруу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон кеңири массаны камтуучу өкмөттүн курулушу жолунда шашылыш кыймылга өтүү ниетин ортого салганы билдирилди.
Бир тараптан Англиянын тышкы иштер министри Филип Хаммонд өлкөсүнүн Иракта аскердик ролду милдеттенбей турганын айтты.
Ибадинин премьер-министр болуп дайындалышына ыраазычылык билдирген Хаммонд, өлкөсүнүн Ирак калкын колдоосун жана гуманитардык жардам берүүсүн уланта бере турганын сөз кылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар