Алжир аба жолдоруна таандык  учак кырсыкка учурады

Учактын Буркина-Фасонун борбор шаары Уагадугудон Алжирге бара жатканы билдирилди.

69773
Алжир аба жолдоруна таандык  учак кырсыкка учурады

Алжир аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагы Малинин түндүгүндө кырсыкка учурады.
Учакта 110 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсүнүн бар экени белгиленди.
Алжир аба жолдоруна таандык учактын Буркина-Фасонун борбор шаары Уагадугудон Алжирге бара жатканы билдирилди.

Буркина-Фасонун транспорт министри, учак учуп кеткенден кыска мөөнөт өткөндөн кийин пилоттун шамалдын себебинен учактын багытын өзгөртүүнү талап кылганын айтты.

Учак менен акыркы байланыштын Малинин түндүгүндө курулганын билдиришкен алжирдик жооптуулар учактын кырсыкка учуруганын жарыялашты. 

Малилик жооптуулар да, ал убактарда өлкөнүн түндүгүндө катуу шамал болуп жатканын билдиришти.

 Аймакта издеп-куткаруу иштери башталды.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар