Малайзия учагынын көрүнүштөрү басма сөздө чыкты

Орусия коргонуу министрлиги Жон Керри сөз кылган спутник көрүнүштөрүнүн дүйнө менен бөлүшүлүүсүн суранды

67040
Малайзия учагынын көрүнүштөрү басма сөздө чыкты

Атып түшүрүлгөн Малайзия учагынын радар көрүнүштөрү жарыяланды. Орусиянын коргонуу министрлиги атып түшүрүлгөн Малайзия учагы тууралуу график жана радар көрүнүштөрүн басма сөз менен бөлүштү.
Көрүнүштөрдө жүргүнчү учагы атылган учурда Украина согшутук учактарынын Малайзия учагына карай багыт алганы белгиленди. Айрыкча ошол учурда Украина армиясынын ракеталык батареяларынын да активдүү болгону билдирилди. Атылгандан мурда Украина согуштук учактарынын Малайзия жүргүнчү учагына 5 километрчелик жакын болгону айтылууда.
Айрыкча Орусия коргонуу министрлиги Американын мамлекеттик катчысы Жон Керри сөз кылган спутник көрүнүштөрүн дүйнө менен бөлүшүүсүн суранды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар