Украинанын чыгышындагы кагылышуулар уланып жатат

Май айынан бери уланып жаткан кагылышууларда 258 аскердин каза болгону, 922 аскердин жаракат алганы билдирилди.

131054
Украинанын чыгышындагы кагылышуулар уланып жатат

Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдерге карай операциялар уланууда.
Донецкке жакын жерде болгон абадан кол салууда 4 кабаттуу имарат бутага алынды.
Урап калган имаратта 11 киши каза болду. Чөйрөдөгү имараттар да чоң зыянга учурады.
Украинанын улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин информациялык борборунун катчысы май айынан бери уланып жаткан кагылышууларда 258 аскердин каза болгонун, 922 аскердин жаракат алганын билдирди.
Кагылышуулар убагында 45 аскердин барымтага алынганы, булардын арасында акыркы жолу атып түшүрүлгөн Украина учагынын 2 учкучунун да бар экени белгиленди.
Бир тараптан Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков жикчилдерден тазаланган аймактарда кечээ иликтөөлөрдү жүргүздү.
Аваков Славянск жана чөйрөсүндө жашоонун нормалдашуусу үчүн иш-чаралардын уланып жатканын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар