Орусиянын борбор шаары Москвада метро кырсыгы болду

Кырсыкта биринчи белгилөөлөргө караганда 12 киши каза болуп, 100дөн ашуун киши жараланды

130596
Орусиянын борбор шаары Москвада метро кырсыгы болду

Москва метросунун Арбатско - Покровская жолунда кырсык болду. Эки станциянын ортосунда поезддин күтүлбөгөн жерден тормоз берүүсү менен 3 вагон жолдон чыкты. Кырсыкта жаралангандардын кээ бирлеринин абалынын оор экени белгиленди. Аймакка жиберилген топтордун вагондордо кысылып калган жүргүнчүлөрдү куткаруу иштери улантылууда. Кырсыктын метро жолундагы жогорку кубаттуулуктун түшүүсү менен поезддин күтүлбөгөн жерден тормоз берүүсү менен болгону жарыяланды. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар