Украинадагы абал

Луганск тургундары кыргындардан тынчсызданып, Бириккен Улуттар Уюунун баш катчысы Пан Ги-Мунга кайрылуу катын даярдап жатышат.

120843
Украинадагы абал

Украина аскерлери Славянск жана Краматорск аймактарын колго алгандан кийин, Луганск аймагына багыт алды.
Орусия чек арасындагы шаарлардын чет аймактарына ок аткан Украина аскерлери 2 кишинин өлүмүнө себепчи болду.
Жерден жана абадан атылган бомбалардан кыйроого учураган айылдар кара түтүнгө чулганды. Жолдор өрттөлгөн унааларга толуп, алар менен катар батарея өндүргөн фабрикасынын кээ бир имараттары дагы өрттөндү.
Луганск тургундары кыргындардан тынчсызданып, Бириккен Улуттар Уюунун баш катчысы Пан Ги-Мунга кайрылуу катын даярдап жатышат. Ал катта, баш катчыдан Украинанын өлкө башчысы Петр Порошенко менен жолугушуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү суранычы билдирилген.
Бул учурда Украина аскерлери, Словянскта орустардан калган фронтко кол салышып, Краматорскто фронтко караштуу жүк унаасын жок кылышты.
Ал эки шаардан качкан Орусия тарапташтары Донецкте баш калкалоодо.
Шаарда Украина өкмөтүнө каршы аракеттерге кам көрүлүп, согуштук чакырыктар ташталууда.
Украинадагы бай адамдардын катарына кирген ишкер Ринат Ахмедов Украина өкмөтүнө Донецктеги Орусия тарапташтарын жок кылуу чакырыгы менен кайрылып, бирок стратегиялык Донбасс аймагын коргоп калуу ниетин билдирди.
Ахмедов, Орусиячыл адамдар ишканаларына кол сала баштаганда, Киевдеги өкмөт тарапка өтүп кеткен эле.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар