Порошенко Украинанын маселелерин чечиши мүмкүн

Киевде өткөн ант берүү аземине вице-премьер Бүлент Арынч катышып, Украинанын жаңы лидеринен үмүттүү болгонун билдирди.

86941
Порошенко Украинанын маселелерин чечиши мүмкүн

Украинанын жеринин бүтүндүгүнө күчтүү колдоо көрсөткөн Түркия, кечээ жаңы президенти Петр Порошенконун ант берүү аземине жогорку деңгээлде катышууну камсыздап колдоосун тастыктады.
Кечээ борбор шаар Киевде өткөн ант берүү аземине вице-премьер Бүлент Арынч катышып, Украинанын жаңы лидеринен үмүттүү болгонун билдирди.
Арынч Порошенконун элди бириктирген болушунун, маселелерди кыска мөөнөттө чеч тургандары жөнүндө көз карашты туудурганын айтты.
Арынч: «Порошенко бир канча темада үнүн бийик чыгарып айтты. Булардан биринин Крымды Орусиянын аннекция кылышынын эч качан кабыл алынбай турганы. Мунун кандайдыр бир түрдө мурдагы абалына келтириле турганын сөз кылды. Порошенко олуттуу ойлору болгон адам экен, аны алган добуштары да көрсөтүүдө. Бизге калтырган байкоо да Украинаны учурдагы кризистен куткара тургандай адам сыяктуу»,-деп айтты.
Порошенконун, «Крым Украинанын жери болчу, ошондой эле калат»,-деген сөздөрү Арынч тарабынан жактырылды.
Арынч мындан мурда Польшада жолугушкан Крым татарларынын лидери жана Украинанын эл өкүлү Мустафа Абдүлжемил Кырымоглу менен да Украинанын парламент имаратында бир топко сүйлөштү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар