Вице-премьер Бүлент Арынч түрк ишкерлер менен жолугушту

Арынч Польшада жолугушууларды өткөрдү

85083
Вице-премьер Бүлент Арынч түрк ишкерлер менен жолугушту

Польшага барган вице-премьер Бүлент Арынч түрк ишкерлер менен жолугушту.
Президенттик шайлоодо чет өлкөдөгү түрктөрдүн да өз добуштарын бере ала тургандарын эске салган Арынч ишкерлердин демократиялык укуктарын колдонуулары үчүн добуш берүүлөрүн каалады.
Арынч андан кийин «Глобалдык сыноолодун алдында Европа Биримдиги жана Түркия» темалуу конференцияга катышып, Түркия- Европа Биримдиги карым-катнаштарына токтолду.
Учурдагы жагдайдын эми Европа Биримдигинин Түркиясыз кем жана жарым-жартылай кала турганын ачык түрдө көрсөткөнүн баса белгилеген Арынч: «Европанын адам укуктары келишиминде жана көптөгөн түзөтүүлөрдө адамдарга маани берилген баалуулуктарга карабастан Европа Египеттеги баш аламандыкка үн каткан жок. Сирияда, Егитте жетиштүү түрдө өзүн көрсөтө албаган Европа учурда Украинада таасирдүү саясат жүргүзө албай жатат. Биз жалгыз өзүбүз Европадагыдан 15 эсе көп сириялыкты коноктоп жатабыз. Бул көрүнүш Европа Биримдиги үчүн кабатыр кылуучу жана кабыл алынгыс көрүнүш болуп саналат»,-деп айтты.
Бүлент Арынч Варшавадагы Юнус Эмре түрк маданият борборунун ачылышына да катышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар