Украинадагы президенттик шайлоону Порошенко жеңди

73766
Украинадагы президенттик шайлоону Порошенко жеңди

Украинадагы президенттик шайлоону Петр Порошенко жеңип алды.
Шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына караганда Порошенко 55,9 пайыздык добушка ээ болду.
Экинчи орунга болсо добуштардын 12,9 пайызын алган Юлия Тимошенко чыкты.
Порошенко расмий болбогон жыйынтыктардан кийин жарыялаган билдирүүсүндө: «Менин алгачкы кызматым баш аламандыкты соңуна чыгарып, тынчтыкты орнотуу болот. Эң биринчи Донецкке барып эл менен түз сүйлөшөмүн»,- деп айтты.
Украинанын бирдиктүү өлкө болуусун уланта турганын баса белгилеген Порошенко: «Федералдык түзүлүш болбойт»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар